АКШнын дипломаты Борбор Азия өлкөлөрүн өз ара кызматташып, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү өрчүтүүгө, чөлкөмдөгү коопсуздукту бекемдөөгө үндөдү.
Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Элис Уэллс 7-январда «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда «Вашингтон Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен C5+1 форматында иштей берүүнү каалайт» деп белгиледи.
Дипломаттын айтымында, аймактагы эң көп калктуу өлкө – Өзбекстандын башына Шавкат Мирзиёев келгенден бери андай кызматташтык үчүн «көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр» түзүлдү.
Ал Борбор Азия өлкөлөрү Жакынкы Чыгышта согушкан жарандарын артка кайтарып жаткан кезде «терроризмге каршы күрөш» өңдүү камтама жараткан орток маселелер турганын кошумчалады.
Сөз болгон маек Уэллс Дүйшөмбүдөгү сапарын аяктап жатканда чыкты. Мындан бир айдай мурун Мамлекеттик департаменттин өкүлү Вашингтон борбор азиялык өлкөлөр менен дипломатиялык алака-катнашын кеңейтип жатканын билдирген.
Мындай аракеттер Кытай аймактагы саясий жана экономикалык таасирин күчөтүп жаткан маалда көрүлүп жатат. Бээжин бул өлкөлөрдүн өкмөттөрүн Шинжаңдан качып башпаанек сураган жарандарын кайтарууга көндүрүүгө да аракеттенип жатат. Бул маселе Дональд Трамптын администрациясын өзгөчө камтама кылат.