Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 26-январь, 2020 Бишкек убактысы 12:30

Трамп: Мен президент болуп турганда Иранда өзөктүк курал болбойт


Дональд Трамп Ак үйдө сүйлөп жатат.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирактагы эки аскердик базага Ирандын ракета соккулары тийгенде америкалык аскерлер жарадар болбогонун айтты. Зыян да өтө чоң эмес экенин белгилеген Трамп 8-январда Ак үйдө сүйлөгөндө: «Мен президент болуп турганда Иран эч качан өзөктүк куралга ээ боло албайт», - деди.

Тегеранды дагы бир ирет «эл аралык терроризмди колдойт» деп күнөөлөгөн Трамп Вашингтон Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизерин эскертти. Ошондой эле НАТОну Жакынкы Чыгыштагы жараяндарга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды.

8-январга караган түнү, Ирандын таасирдүү генералы Касем Сулайманинин сөөгү жерге берилгенден бир нече саат өткөндөн кийин Тегеран Ирактагы АКШнын аскерлери жайгашкан эки базага баллистикалык ракеталар менен сокку урган.

Чабуул үчүн жоопкерчилик алган Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу сокку генералдын өлүмү үчүн өч алуу максатында жасалганын билдирген.

Американын Коргоо министрлиги ондон ашуун баллистикалык ракет атылганын маалымдады. Ирактын аскер күчтөрү 22 ракета атылып, анын экөө жарылбай калганын кабарлады. Иран өзү 15 ракеталык сокку тууралуу жарыялады.

Касем Сулаймани 3-январда Багдадда америкалык авиациянын соккусунан мерт болгон соң Тегеран менен Вашингтондун тиреши ого бетер курчуп кеткен.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG