Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Кыргыз паспорту мүмкүнчүлүгү жагынан дүйнөлүк рейтингде 80-орунда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Паспорт индекси боюнча 2020-жылга карата жарыяланган дүйнөлүк рейтингге ылайык, кыргыз паспорту мүмкүнчүлүгү жагынан 80-орунду ээледи.

Маалыматта кыргызстандыктар 63 мамлекетке визасыз бара алары же визаны жеринде барып алса болору айтылат.

«Henley & Partners» эл аралык колсалтинг компаниясы жыл сайын чыгарчу индексте Кыргызстан бир жыл мурунку позициясынан төрт тепкич артка кетти.

Бул жыл Кыргызстан менен бир катарда Марокко жана Сьерра-Леоне мамлекеттери турат.

Рейтингде Казакстан 67-орунду ээлеп, Борбор Азияда сап башында. Тажикстан 84, Өзбекстан 85, Түркмөнстан 90-катарда.

Рейтингде биринчи орунда Жапония турат. Бул мамлекеттин жарандары 191 мамлекетке түз бара алышат. Сингапур экинчи, Германия менен Түштүк Корея үчүнчү тепкичте.

АКШ сегизинчи, Орусия 51, Кытай 71-орунда.

Эң алсыз паспорт Ооганстанга таандык. Бул өлкөнүн жарандары 26 мамлекетке гана визасы жок барса болот. Анын алдында Ирак жана Сирия турат.

Рейтингге 159 мамлекет киргизилген. (SE)

XS
SM
MD
LG