Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 11:24

Ханзаада Гарри аялы экөө падышалык үй-бүлө макамынан баш тартат


Британ ханзаадасы Гарри жана анын жубайы Меган.

Британ ханзаадасы Гарри жана анын жубайы Меган падышалык үй-бүлө мүчөсү макамынан баш тартышат. Бул тууралуу алар 8-январда билдирүү таратып, убактыларын Улуу Британия менен кошо Түндүк Америкага да арнашарын билдиришти.

Алар падышалык үй-бүлөгө каржы жагынан көз каранды болуп калбаш үчүн иштешерин, ошол эле учурда ханайымдын алдындагы милдеттерин аткара беришерин белгилешти.

Жубайлар кайрымдуулук фондун түзүшөрүн маалымдашкан.

Падышалык сарай алардын каалоосу түшүнүү менен кабыл алынарын билдирди.

Ханзаада Гарри менен америкалык мурдагы актриса Меган Маркл 2018-жылдын 19-майында баш кошушкан. Үйлөнгөндөн кийин алар Сассек герцогдору деп аталышкан.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG