Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Мамкаттоонун мурдагы жетекчилерине салынган айыппулдун өлчөмү белгилүү болду


Кыргызстандын паспорту.
Кыргызстандын паспорту.

Кыргызстанда электрондук паспортко бланктарды алууга байланыштуу тендер боюнча иш козголгон, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарлары Руслан Сарыбаевге, Данияр Бакчиевге жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысы Талант Абдуллаевге акчалай айыппул салынып, эркиндикке калтырылды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту мындай чечим 29-декабрда чыкканын билдирди. Андан алынган маалыматка ылайык, Сарыбаев менен Абдуллаевге 270 миң сомдон, ал эми Мамкаттоонун статс-катчысы Данияр Бакчиевге 230 миң сом айыппул салынган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) электрондук паспорт чыры боюнча былтыр иш козгогон. Анда аталган адамдар «тендерде литвалык компаниянын утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыпталган.

Бул жаңжалга байланыштуу Мамкаттоонун төрагасынын мурдагы орун басарлары Руслан Сарыбаев жана Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысы Талант Абдуллаев камакка алынып, тергөө менен кызматташууга макул болгондон кийин үй камагына чыгарылган.

Мамкаттоонун мурдагы төрайымы Алина Шаиковага былтыр август айында иш козголуп, ал өлкө аймагынан чыгып кеткен. Ички иштер министрлиги Шаикованы издөө иши уланып жатканын билдирип келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG