Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 25-январь, 2020 Бишкек убактысы 11:56

«FactCheck» порталынын редактору Болот Темиров сабалды


Болот Темиров. Сүрөт FactCheck KG «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

Бишкекте «FactCheck» порталынын редактору Болот Темиров сабалганы кабарланды. Бул тууралуу аталган басылманын «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыгышты.

Андагы маалымат боюнча, Темировго бүгүн түшкө маал басылманын кеңсесинин жанынан олбурлуу үч жигит кол салган. Алар журналистке бир нече сокку уруп, телефонун тартып алышкан.

«FactCheck» - өлкөдө тараган маалыматтардын чын-бышыгын тактоо максатында түзүлгөн портал. Анда коррупциялык схемалар боюнча бир нече иликтөө жарыяланган. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (24)

XS
SM
MD
LG