Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Күрөш боюнча өлкө чемпионаты башталды


Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында күрөштүн түрлөрү боюнча Кыргызстандын биринчилиги башталды. Бүгүн жана эртең эркин күрөш боюнча өлкө мыктылары аныкталат. Ал эми 11-12-январда грек-рим күрөшү боюнча таймаштар башталат.

Чемпионатка бүткүл Кыргызстан боюнча балбандар чогулуп келишти. Ошондой эле чемпионатта кыз-келиндер арасында күрөштөр уланат. Чемпионаттын жеңүүчүлөрү Кыргызстандын курама командасын түзүп, эл аралык таймаштарда өлкөнүн намысын коргошот.

Бүгүн, 9-январда эркин күрөштүн беш салмак категориясында күрөштөр башталды. Жалпысынан 57, 65, 74, 86, 97 кг салмак категорияларында 95 балбан катышууга арызын берген. (SDz)

XS
SM
MD
LG