Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Жалдагы чуулгандуу мушташ боюнча кармалган милиционер үй камагына бошотулду


Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт. 28-август, 2019-жыл.
Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт. 28-август, 2019-жыл.

Былтыр августта Бишкектин Жал кичирайонундагы чуулгандуу мушташтан соң камакка алынган Чүй облустук милициясынын кызматкери Казыбек Бапышев үй камагына бошотулду. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 23-декабрда ушундай чечим кабыл алган. Аталган соттун басма сөз катчысы Асел Равшанбекованын айтымында, Бапышев тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол койгон соң үй камагына чыгарылган.

Былтыр 28-августта Бишкек шаарындагы Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мушташта эки адам мыкаачылык менен катуу сабалган. Аларды сабаганы айтылган Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков окуя болгон учурда кармалып, кайра коё берилген. Жабыркагандардын жакындары арыз жазган соң коомчулукта бул маселе чоң талкууга түшүп, кийин аларга издөө жарыяланган. 6-сентябрда изделип жаткан эки адам милицияга өздөрү келип, камакка алынган.

Кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул ишке байланыштуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Казыбек Бапышовду кармаган.

Ага милицияда иштеп турган учурунда 28-августта окуя болгон жерге жетип барып, Бапышев менен Сейитбековду кармаган милиция кызматкерлерине тоскоолдук кылып, инилерин бошотуп кеткен деген айып коюлган. (BkA)

XS
SM
MD
LG