Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Темиров кол салууну журналисттик ишине байланыштырууда


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Бүгүн Бишкекте белгисиз адамдардан таяк жеген, «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темиров кол салууну өзүнүн журналисттик ишмердиги менен байланыштырууда. Бул тууралуу журналист «Азаттык» менен болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, порталдын кеңсесинин жанында үч киши күтүүсүздөн кол салып, жерге жаткырып алып тепкилеген.

Темиров бул кол салууну «FactCheck» порталы жарыялаган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын буюмдары жөнүндө иликтөөгө байланышы мүмкүн деп божомолдоп жатканын кошумчалады.

Темировго бүгүн түшкө маал басылманын кеңсесинин жанынан олбурлуу үч жигит кол салган. Алар журналистке бир нече сокку уруп, телефонун тартып алышкан.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева журналистке кол салууга өкүнүчүн билдирип, бул кылмыш ишинин бети ачылышы керек экенин айтты. (BkA)

XS
SM
MD
LG