Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Казакстанда сот журналист Амангелди Батырбековду актады


Амангелди Батырбеков.
Амангелди Батырбеков.

Казакстандагы Түркстан облустук соту 9-январда «жалган жалаа жапты» жана «ар-намыска шек келтирди» деген айып менен эки жыл, үч айга эркинен ажыратылган журналист Амангелди Батырбековду актап, сот залынан бошотту. Бул сот жараянга өлкөнүн ар кайсы аймактарынын келген, «Сарыагаш инфо» гезититин башкы редактору Батырбековду колдогон ондогон адам чогулду. Журналисттин тарапташтары анын акталышын, бошотулушун талап кылып келишкен эле.

Түркстан облусунун Сарыагаш шаардык соту былтыр сентябрь айында Батырбековду күнөөлөгөн өкүм чыгарган. Анда журналист «Фейсбуктагы» баракчасына «Келестеги кеңкелестик» деген билдирүүсүндө Келес райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Абдиевге «жалган жалаа жапкан» жана «ар-намысына шек келтирген» деп айыпталган. Журналист болсо жагдайды сын көз караш менен чагылдырганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып чыккан.

Бир катар эл аралык укук коргоочу уюмдар казак бийлигин сөз эркиндиги боюнча алган милдеттенмелерин аткарууга жана журналистти бошотууга чакырып келишкен.

XS
SM
MD
LG