Кыргызстанда башпаанек издеген каракалпак улутундагы эки активистти Өзбекстанга өткөрүү аракети болуп жатат. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда «саясий башпаанек издеген» деп расмий каттоого алынган Жумабай Сагидуллаев менен Багдат Исмаиловдун үйүнө 9-январь түнү жергиликтүү укук коргоо органдарынын кызматкерлери кирүүгө аракет кылышкан. Укук коргоочу бул аракеттердин артында аларды Өзбекстанга өткөрүү ниети турат деп эсептейт. Абдирасулова учурда активисттердин тагдыры белгисиз болуп жатканын айтууда.
Учурда алардын байланыш телефондору өчүк. Ал эми акыйкатчы Токон Мамытов бул маалымат такталып жатканын билдирди. (LzT)