Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Акыйкатчы Болот Темировдун сабалышын жакшылап иликтөөгө чакырды


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Акыйкатчы Токон Мамытов «Factcheck.kg» сайтынын редактору Болот Темировдун сабалышын жакшылап иликтөөгө чакырды. Анын билдирүүсүн Акыйкатчынын басма сөз кызматы жарыялады.

«Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да журналистика кесиби кооптуу болуп баратат. Муну Болот Темиров менен болгон окуя деле бышыктайт», деп айтылат билдирүүдө.

Омбудсмен Темировдун окуясы көзөмөлдө болорун маалымдады жана Ички иштер министрлигинин жетекчилиги окуянын чоо-жайын тактоону колго алышы керек экенин кошумчалады.


Кыргызстанда коррупциялык жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрү менен белгилүү «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго 9-январда түшкө маал Бишкекте басылманын кеңсесинин жанынан белгисиз үч жигит кол салышкан. Алар журналистке бир нече сокку уруп, телефонун тартып алышкан. Темиров муну өзүнүн кесиби менен байланыштырууда.

Шаардык милиция журналистти ур-токмокко алгандарга издөө жарыялады. (SE)

XS
SM
MD
LG