Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Парламент депутатынын бир тууганы пара менен кармалганы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун бир тууганы Бахтияр Төлөнов 800 АКШ доллары өлчөмүндө пара менен кармалганы кабарланды. Бул маалыматты «Азаттыкка» күч органдарындагы ишенимдүү булактар билдиришти.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз катчысы кийинчерээк толук маалымат берилерин айтты.

Бахтияр Төлөнов - Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык кеңеш берүү борборунун директору. Ал кыргызстандыктарга чет элде иштөөгө квота берген комиссиянын төрагасы болуп да иш жүргүзөрүн «Kaktus.media» басылмасы жазды.

Баштапкы маалыматтарга караганда, шектүү 9-январда кечке жуук Бишкектеги кафелердин биринде пара менен колго түшкөн. (SE)

XS
SM
MD
LG