Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Иранда кулаган украиналык учак атайын атып түшүрүлгөнү айтылууда


Кулаган учактын калдыгы.
Кулаган учактын калдыгы.

Тегерандагы кулаган украиналык учакка ракета менен атайын сокку урулган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Украинанын улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов маалымат бергенин «Цензор.нет» басылмасы кабарлады.

Данилов учак Орусияда чыгарылган «Тор» ракеталык комлекси менен бутага алынган болушу ыктымал экенин белгиледи.

Иликтөөчү адистер учак кырсыгынын төрт версиясын карап жатышат. Алардын арасында дрон менен кагылышуу, кыймылдаткычтын жарылышы жана учакта бомба жарылган болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

Канаданын премьер-министри авиакырсык үчүн Иранды күнөөлөдү. Жастин Трюдо учак Тегеран аткан ракетадан кулаганын айтууда.

Учакта жети өлкөнүн жарандары отурган жана ажал тапкандардын көбү ирандыктар менен канадалыктар экени белгилүү болгон. Украина кырсыкта 11 жаранын жоготту жана алардын тогузу экипаж мүчөлөрү болушкан.

«Украинанын эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык учак 8-январда таңга маал Ирандын борбору Тегерандан Киевди көздөй учуп чыгары менен эле кырсыкка кабылган.

XS
SM
MD
LG