Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуу токтоду


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргыз-тажик чек арасындагы тажик тараптан ок атуу токтоду. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу, бирок чыңалуу сакталууда.

Баткен облусунун аймагында чек ара аскерлери күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү. Аскерлердин аракеттерин Чек ара кызматынын төрага орун басары Абдикарим Алимбаев көзөмөлдөөдө.

Кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттер болсо кадимки режимде иштеп жатат.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжал болгонун ырастап, Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдады.

Тажикстандын расмий органдары азырынча комментарий бере элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG