Президент Сооронбай Жээнбеков белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койду.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жарлыкка ылайык, маараке мамлекеттик деңгээлде белгиленет. Ал үчүн өкмөт уюштуруу комитетинин түзүп, республикалык бюджеттен атайын каражат бөлүнүшү керек.
Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Ош облусунун Лейлек районунда төрөлгөн. 1945-жылы Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон.
1961-жылдын 9-майында “улутчулдук саясат жүргүздү” деп күнөөлөнүп, кызматынан алынган. Өмүрүнүн акыркы жылдарын Москвада өткөрүп, 1979-жылы каза болгон. 2000-жылы сөөгү Кыргызстанга кайтарылып, Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.
Бишкекте Исхак Раззаковдун 1950-жылдан 1961-жылга чейин жашаган үйү музейге айланган.(BkA)