Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:38

Темировго кол салуу «тоноо» беренеси менен тергелүүдө


Болот Темиров
Болот Темиров

Бишкек шаардык милициясы «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго жасалган кол салууну «тоноо» беренеси менен тергеп жатат. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз катчысы Улан Жумаков билдирди.

«Темировдун телефонун алып кетишиптир, ошондуктан тоноо фактысы боюнча текшерүү башталды. Экспертизанын жыйынтыгына жараша тергөөчү беренесин өзгөртө алат», - деди Жумаков.

Учурда журналистка кол салгандарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө. Азырынча кармала элек. Буга чейин бул ишти ИИМдин жетекчилиги ишти көзөмөлгө алган.

Иликтөөчү журналист чак түштө сабалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00

«FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго 9-январда Бишкекте басылманын кеңсесинин жанынан белгисиз үч адам кол салган. Алар журналисти жерге жыгып, сабап кетишкен. Ошол учурда анын телефону жоголгон. Темиров муну өзүнүн кесиби менен байланыштырууда.

Бул кол салууну айыптап өлкөдөгү бир катар журналисттер билдирүү таратып, бийликти кылмышкерлерди аныктоо боюнча чукул аракет көрүүгө чакырышты.

2018-жылдан бери иштеп келаткан «FactCheck» сайты бир канча чуулгандуу маалыматтарга, окуяларга байланыштуу фактыларды иликтеп, ондогон макалаларды чыгарган.

Анын ичинде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын жана анын уулунун кымбат сааттары, кийим-кече, асем жасалгалары жана автоунаасы тууралуу иликтөө жарык көргөн. Басылма «Мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсү мындай байлыкка кантип жетти?» деген суроо койгон. Матраимовдор журналисттин сабалышына алардын атын жабыштыруу туура эмес экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG