Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:45

Иран: Авиакырсыкты иликтөөгө чет өлкөлүк адистер катыша алат


Украиналык учак кулаган жер. Тегеран, 9-январь 2020-жыл
Украиналык учак кулаган жер. Тегеран, 9-январь 2020-жыл

Иран украиналык иликтөөчүлөргө 8-январда Тегерандын четинде кулаган учактын фрагменттери менен таанышууга уруксат берди.

Украин президенти Владимир Зеленскийдин кеңсеси жасаган билдирүүдө кырсыкта курман болгон украиналык жарандардын сөөктөрүн аныктоо үчүн ДНК анализдер алынары айтылат. Билдирүүдө трагедиянын чоо- жайын айтуу азыр эрте экени белгиленген.

“Украинанын эл аралык аба жолдору” компаниясына таандык “Боинг” Тегерандан Киевге учуп чыгары менен кулаганда борттогу 176 киши каза тапкан. Алардын көбү Канаданын жана Ирандын жарандары болчу.

10-январда Иран буга чейинки позициясын өзгөртүп, АКШнын Улуттук транспорт коопсуздугу мекемесинин жана "Боинг" концернинин өкүлдөрүн иликтөөгө катышууга чакырды.

Мындай чечим Кошмо Штаттар, Канада жана Британиянын расмий адамдары учак капыстан ирандык ракета тарабынан атып түшүрүлгөн болушу мүмкүн деп билдиргенден кийин кабыл алынды.

Тегерандын өкүлдөрү "Боингди" ирандык аскерлер атып түшүргөн деген божомолдорду четке кагып, Батышты чалгын маалыматтар менен бөлүшүүгө чакырган.

Ирандын Авиация башкармалыгынын жетекчиси Али Абедзадехтин айтымында, иликтөөгө Украина, Франция жана Канададан адистердин катышуусуна жол берилет.

Буга чейин Ислам жумуриятынын бийлиги кыйраган учактын кара жашиги АКШнын же "Боингдин" өкүлдөрүнө берилбесин билдирген.

Украиналык учак Иран генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу иретинде АКШ баштаган коалиция күчтөрү жайгашкан Ирактагы базаларга сокку ургандан көп узабай кыйраган. Бирок башынан эле кырсыктын ал чабуулдарга тиешеси жоктугу айтылып келген.

XS
SM
MD
LG