Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Хорватия Албания менен Түндүк Македониянын Еврошаркеттеги келечегине оптимисттик көз карашта


Андрей Пленкович (оңдо) Шарль Мишель менен. Загреб, 9-январь 2020-жыл
Андрей Пленкович (оңдо) Шарль Мишель менен. Загреб, 9-январь 2020-жыл

Хорватиянын премьер-министри Андрей Пленкович Балкандагы дагы эки өлкө Албания жана Түндүк Македония жакын арада Европа биримдиги менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн башташат деген ишенимин билдирди. 9-январда Загребде Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен кездешүүдөн кийинки пресс-конференцияда премьер эки чакан өлкөнүн максатына жетүүсү үчүн Хорватия “жагымдуу климат” түзөт деп убада кылды.

1-январда шаркетке төрагалык кылуу вазийпасы жарым жылга Зегребге өткөн. Буга чейин Франция жана Нидерланд Албания менен Түндүк Македонияны биримдикке кабыл алуу сүйлөшүүлөрүн баштоого каршы чыгышкан. Шаркеттин айрым лидерлери сөз болгон эки өлкөнүн башкаруу стандарттары керектүү деңгээлге жете элек дешет. Франциянын президенти Эммануэл Макрон жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жараяны реформаланмайынча, андай сунуштарды четке кагарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG