Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Чек ара: Көк-Таш айылынан 254 адам мектепке жайгаштырылды


Мектепке жайгаштырылган балдар.
Мектепке жайгаштырылган балдар.

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал орун алган жердеги тургундар Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы мектептин имаратына жайгаштырылды. Алардын көпчүлүгү балдар жана аялдар. Мындай аракет жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо максатында жасалды.

Учурда чек арага жакын аймакта кырдаал тынч. Бүгүн эки өлкөнүн вице-премьерлери Жеңиш Разаков жана Азим Иброгим телефон аркылуу сүйлөштү. Анда Баткен облусунда болгон окуядан кийин кырдаалдын курчушуна алып келбөө, чагымга алдырбоо боюнча чараларды кабыл алуу боюнча пикир алышты.

Ошондой эле окуяны ар тараптуу иликтөөнү өткөрүү тууралуу макулдашылды. Мындан сырткары быйыл январь айында чек араны тактоо боюнча эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушуусун өткөрүү боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берилди.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдап, жоопкерчиликти коңшу өлкөгө жүктөдү.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери жаңжалга кыргыз жарандарынын аракети себеп болгонун билдирген маалымат таратты.​ (BkA)

XS
SM
MD
LG