Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Пакистанда жума намазы учурунда бомба жарылды


Жардыруу болгон жер. Кветта, 10-январь 2020-жыл
Жардыруу болгон жер. Кветта, 10-январь 2020-жыл

Пакистандын Кветта шаарындагы жардыруудан полициянын жогорку даражалуу офицери жана дагы 14 киши өлдү. Расмий маалыматка караганда, окуядан 20дай киши жараат алды. Жума намазы маалында мечитте болгон кол салууну ким уюштурганы азырынча белгисиз.

Кветта - Ооганстан жана Иран менен чектешкен, табигый энергия булактарына бай Балучистан аймагынын борбору. Ал жакта мазхаб аралык тиреш, жикчилдердин жана исламчыл радикал уюмдардын зомбулугунан 2004-жылдан бери миңдеген кишинин өмүрү кыйылды.

7-январда Кветтада өкмөтчүл куралдуу кошуундун машинеси бомбага кабылып, эки аскер окко учкан.




XS
SM
MD
LG