Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

АКШ Иранга жаңы санкция салды


Майк Помпео жана Стивен Мнучин жаңы санкцияларды жарыялашты. Вашингтон, 10-январь 2020-жыл
Майк Помпео жана Стивен Мнучин жаңы санкцияларды жарыялашты. Вашингтон, 10-январь 2020-жыл

Кошмо Штаттар Ирандын сегиз жогорку расмий өкүлүнө каршы санкция киргизди. 10-январда Вашингтондогу маалымат жыйынында мамлекеттик катчы Майк Помпео жана финансы министри Стивен Мнучин Ислам жумуриятынын болот, метал өнөр жай тармагындагы 17 компаниясына да санкция салынганын жарыялашты.

Жазалоочу чараларга туш болгон аткаминерлердин арасында Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Шамхани, Куралдуу күчтөрдүн штаб башчысынын орун басары Мохаммад Реза Асхитани жана башкалар бар.

Финансы министрлигинин билдирүүсүндө белгиленгендей, президент кол койгон буйрук “Иран режими ядролук программасын, ракеталарды өркүндөтүү, терроризм жана террордук уюмдарды колдоо, региондогу карасанатай таасирин өрчүтүү үчүн пайдаланган кошумча булактарды жана кирешени бутага алат”.

Буга чейин да Вашингтон Иранга каршы санкция салып келген.

Тараптардын мамилелери 3-январда АКШнын аба соккусунан Ислам жумуриятынын таасирдүү генералы Касем Сулеймани өлгөндөн кийин курчуп кетти. Ал окуядан кийин Иран АКШ баштаган коалициялык күчтөр жайгашкан Ирактагы аскердик базаларга ракета чабуул койду.

XS
SM
MD
LG