Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:48

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу


Баткен району
Баткен району

Кыргыз-тажик чек арасында учурда абал салыштырмалуу туруктуу.

Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, түнү бою чек арачылар жана укук коргоо кызматкерлери коопсуздукка көз салып турду.

Чек ара кызматы өткөн түнү Тажикстандын аймагынан мезгил-мезгили менен ок атуунун үнү угулганын билдирүүдө. Чек арачылар аңчылык мылтыктын үнү болушу мүмкүн деп болжолдошууда.

Ал эми түнкү саат 12.40тар чамасында Баткен районунун Төрт-Көчө аймагынан тажик жарандары кыргызстандык жаранга таандык Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны таш менен ургулашкан. Анын терезеси талкаланган. Бул окуя боюнча Тажикстандын тиешелүү органдары маалымат бере элек.

Учурда Баткен облусунун аймагында чек арачылар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган.

Мындан улам Баткен районунун Көк-Таш айылынын 250дөй тургуну коопсуз жайга чыгарылып, айылдагы мектепке жайгаштырылды. Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдап, жоопкерчиликти коңшу өлкөгө жүктөдү.

Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырды. Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы жаңжалга кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген маалымат таратты.​

Бул окуядан соң 10-январда эки өлкөнүн премьер-министрлери телефон аркылуу сүйлөшүп, кырдаалды жөнгө салуунун жолдорун талкуулашкан. Ошондой эле өкмөттүк жана жергиликтүү жетекчилердин бир нече сүйлөшүүсү өткөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG