Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

Өзгөндө чоң энесин бычактап кеткен жаран кармалды


Өзгөндө чоң энесин бычактап качып кеткен жаран кармалып, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 12-декабрында Өзгөн шаарынын Эрмек аттуу тургуну пикир келишпестиктен улам чоң энесин бычактап из жашырып кеткен. Жараат алган аял ошол замат Өзгөн районунун аймактык ооруканасына жеткирилген.

Бул факт Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп, шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып жатат. (MdN)

XS
SM
MD
LG