Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

ЕККУ өкүлү иликтөөчү журналистке кол салууну айыптады


Арлем Дезир
Арлем Дезир

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир “FactCheck” порталынын редактору Болот Темировго кол салууну айыптады.

Дезир “Журналисттерди коркутканга болбойт” деп жазылган билдирүүсүн "Твиттердеги" баракчасына жазып чыкты. Анда кыргыз бийлигин бул кол салууну тыкыр иликтөөгө чакырып, президент Сооронбай Жээнбековдун аппаратынын реакциясын колдору айтылган.

«FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго 9-январда Бишкекте белгисиз адамдар кол салып, сабак кетишкен. Темиров муну өзүнүн кесиби менен байланыштырууда. Кылмышка шектүүлөр кармала элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG