Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Таласта табылган ак илбирске операция жасалды


Таласта кармалган жаралуу ак илбирске операция жасалды.

Бул тууралуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, 10-январда кечинде Кыргыз Мамлекеттик Агрардык университетинин Ветеринардык клиникасында илбирске операция жасалып, анын башына тийген чачма октун (бытыра) 18 калдыгын алып чыгышкан.

- 70ке ашык бытыранын калдыгы бар экен. Операция учурунда ветеринарлар жаныбардын өмүрүнө коркунуч туудурган 18 калдыкты алып чыкты. Азырабалы оор, бирок туруктуу. Кечээ эч нерсе жебей калган. Азыр суу ичип жатат, - деди Рысалиев.

Анын айтымында, илбирстин абалы оңолгон соң дагы бир операция жасалып, башындагы калган бытыралар алынмакчы.

Бактыбек Рысалиев учурда ак илбирске аңчылык кылып, ок аткан адамдарды укук коргоо органдары издеп жатканын кошумчалады.

Буга чейин Интернетте Таластагы Көк-Ой айылында бактын башына чыгып кеткен ак илбирсти жергиликтүү тургундар кармап жаткан видео тараган. Анда ак илбирс жарадар болушу мүмкүн экени айтылган. Ал 10-январда Бишкекке алып келинип, Ветеринардык клиникага жайгаштырылган.

Ак илбирс Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 324 ак илбирс бар. Ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган.(BkA)

XS
SM
MD
LG