Жикчил Абхазиянын Жогорку Соту оппозициячыл талапкер Алхас Квициниянын арызын канааттандырып, президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечим аймакта массалык нааразылыктар болуп, президенттин администрациясынын имаратын ээлеп алгандан кийин кабыл алынды.
Квициния былтыр күзүндө өткөн шайлоонун экинчи айлампасында президент Раул Хажимбага 1,5 пайыз добуштун айырмасы менен жеңилип калганы айтылган.
Оппозициячыл саясатчы шайлоо жыйынтыгын таануудан баш тартып келген. Жогорку сот арызды караар алдында бийликке нааразы болгондор Сухумдун көчөсүнө чыгып, президенттин администрациясынын имаратын ээлеп алышкан.
Мындан соң Грузиянын өзүн Абхазия жумурияты деп атап алган жикчил аймагынын парламенти Раул Хажимбаны кызматтан кетүүгө чакырган.
Эми сот аймакта жаңы шайлоо жарыялоо чечимин чыгарды. Бирок Раул Хажимба бул чечимдин үстүнөн сотко кайрыларын билдирди.
Абхазия 1993-жылы Грузия менен болгон согуштан кийин көз карандысыздыгын жарыялап алган аймак. Орусия андагы жикчилдик маанайды акырындык менен колдоого алып, 2008-жылы Грузия менен беш күнгө созулган куралдуу жаңжалдан кийин Түштүк Осетия менен Абхазияны өз алдынча мамлекет катары тааныган. Орусия Абхазияга аскердик базасын жайгаштырган.
Тблиси Москваны өлкөнүн бүтүндүгүнө кол салууга жана аймагын аннексиялоого айыптап келет. (BkA)