Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:39

Омандын султаны Кабус бен Саид каза болду


Cултан Кабус
Cултан Кабус

Оманды туура 50 жыл башкарган Кабус бен Саид 79 жашында көз жумду. Бул тууралуу Перс булуңундагы өлкөнүн маалымат каражаттары кабарлады. Маалыматка ылайык, султан акыркы жылдары өсмө оорусунан (рак) кыйналып жүргөн.

Султан Кабус 1970-жылы кансыз төңкөрүштүн натыйжасында өз атасын бийликтен кулатып, бийликке келген. Ал тышкы саясатта батыш өлкөлөрү менен жакын мамилени кармап келген.

Султандын өз уулдары жок, мураскер катары да кимдир-бирөөнү ачык жарыялаган эмес.

Эми Омандын мыйзамдарына ылайык, башкаруучу үй-бүлө үч күн ичинде жаңы султанды жарыялашы керек.

Эгер андай болбосо өлкөдөгү аскерлер кеңеши, Жогору соттун төрагасы жана султан жашыруун кагазга жазып кеткен адамдын атын жарыялайт.

XS
SM
MD
LG