Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Грек-рим күрөшү боюнча өлкө биринчилиги башталды


Грек-рим күрөш боюнча балбан Атабек Азизбеков Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшүп жаткан учур. Казакстан, Нур-Султан шаары. 16-сентябрь, 2019-жыл.
Грек-рим күрөш боюнча балбан Атабек Азизбеков Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшүп жаткан учур. Казакстан, Нур-Султан шаары. 16-сентябрь, 2019-жыл.

Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында грек-рим күрөшү боюнча чемпионат башталды. Ал эки күнгө созулат.

Бүгүн балбандар беш салмак боюнча жарыштарды өткөрөт. Анда 55, 63, 72, 82, 97 кг. салмакта жалпысынан 76 спортчу мелдешет. Эртең, 12-январда грек-рим күрөшү олимпиадалык салмактар боюнча уланат.

Кыргызстанда күрөштүн түрлөрү боюнча өлкө биринчилиги 9-январда башталды. Алгачкы эки күн эркин күрөш боюнча мелдештер өтүп, 2020-жылдын чемпиондору аныкталды.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрү Кыргызстандын курама командасын түзүп, эл аралык таймаштарда өлкө наамын коргойт. (SDz)

XS
SM
MD
LG