Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:23

Баткен: чек ара аймагындагы жол буулду


Баткен районун Көк-Таш айылынын тургундары айылды Дахма аймагы менен байланыштырган жолду буушту.

Бул тууралуу “Азаттыктын” ошол жерде жүргөн аймактык кабарчысы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Баткен районунун акими Каланбек Маркаев жана жергиликтүү күч органдарынын башчылары тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Анын жүрүшүндө жергиликтүүлөр эл жыш жайгашкан чек ара аймактарына туруктуу күзөт коюу талабын айтышкан. Жолугушуудан соң чек ара маселесин чечүү жана күзөт коюу талабы менен жолго таш төгүп, бууп коюшту. Бул жолду кыргыз жарандары менен катар тажикстандыктар да колдонот.

Учурда Көк-Таштын тургундары жана Тажикстандын Самониён айылынын тургундары өз аймактарында чогулуп турат. Кырдаалга эки өлкөнүн милиция жана чек арачылары көз салууда. Учурда эл чогулган жерге Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрага орун басары Абдикарим Алимбаев жана ички иштер министринин орун басары баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келди.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыккан. Бул чатакты жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшкөн. (BkA/MdN)

XS
SM
MD
LG