Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:55

Ош-Баткен-Исфана жолу буулду


Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургундары Ош-Баткен-Исфана жолунунун кире бериштеги бөлүгүн да бууп турушат.

Бул тууралуу ошол жерде жүргөн «Азаттыктын» аймактагы кабарчысы кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин Көк-Таш айылынын айрым тургундарын чек арадагы кырдаалды курчутууга аракет кылды деген кине менен милиция кармап кеткен. Алар Баткен райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Көк-Таштын тургундары кармалган кармалгандарды бошотууну талап кылып, кан жолду буушту. Учурда кырдаалга милиция кызматкерлери жана чек арачылар көз салууда. Эл чогулган жерге Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев жана ички иштер министринин орун басары баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ошол эле маалда Баткен районундагы Орто-Боз айылында да 100гө жакын адам чогулуп турганы кабарланууда. (MdN)

XS
SM
MD
LG