Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургундары бууп турган Ош-Баткен-Исфана жолу ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бирок чыңалуу сакталып турат.
Окуя чыккан жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, жолду ачыш үчүн милиция күч колдонгон. Анын жыйынтыгында айрым автоунааларга залал келтирилген. Бирок чогулган адамдар тарай элек.
Буга чейин Көк-Таш айылынын төрт тургунун чек арадагы кырдаалды курчутууга аракет кылды деген кине менен милиция кармап кеткен. Көк-Таштын тургундары кармалган адамдарды бошотууну талап кылып, кан жолду буушкан. Учурда кырдаалга милиция кызматкерлери жана чек арачылар көз салууда.
Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн Баткен облусунун Төрт-Көчө аймагында тажик жарандары Кыргызстандын жарандарынын автоунааларына таш ыргытканын кабарлады. Мындан улам эки өлкөнүн жарандары ортосунда пикир келишпестик чыгып, бири-бирин таш менен урушкан.
Кыргызстан жана Тажикстандын күч органдарынын кийлигишүүсү менен чатак токтотулган.
10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган.
Мындан улам Баткен районунун Көк-Таш айылынын 250дөй тургуну коопсуз жайга чыгарылып, айылдагы мектепке жайгаштырылган.
Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырды. Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы жаңжалга кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген маалымат тараткан.
Бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы акыркы абалды талкуулашты. Анда Жээнбеков эки өлкөнүн чек арасында туруктуу абалды сактоо зарыл экенин белгилеген. (MdN)