Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Тайванда президент Инвень экинчи мөөнөткө шайланды


Цай Инвень.
Цай Инвень.

Тайвандын президенти Цай Инвень 12-январда өткөн шайлоодо утуп чыгып, экинчи мөөнөткө калды. Ал шайлоочулардын 57% ашык добушун алган. Инвень - Тайвандын Кытайдан биротоло бөлүнүшүн жактап келген саясатчы.

Тайвань учурда формалдуу түрдө Кытай Эл Республикасынын аймагы болуп эсептелгени менен, анын көзөмөлүндө эмес. Бул эзелтен келе жаткан саясий маселе. Тайвань бул маселени чечиш үчүн БУУга кайрылып, өз алдынчалык алууну көздөсө, Кытай болсо Тайванды өз аймагы деп эсептейт жана аралды «бир мамлекет - эки система» принциби боюнча башкарууну көздөп келатат. Бирок макулдашуу азыркыга чейин боло элек. Дүйнөдө бир катар мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан Тайванды КЭРдин бир бөлүгү катары эсептейт.

Президент Инвендин таасири биринчи мөөнөтүнүн акыркы жылдары төмөндөй түшкөн. Бирок Гонконгдогу нааразылыктын фонунда саясатчыга ишеним арткандардын катары калыңдады. Гонконгдо быйыл жаздан бери расмий Бээжиндин башкаруу ыкмаларына нааразы болгондор нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат.

Цай Инвэндин негизги атаандашы катары Гаосюн шаарынын мэри Хань Гоюй чыкты. Ал Кытай менен жакындашууну көздөгөн Гоминьдан партиясынын мүчөсү. Баштапкы жыйынтыктар боюнча бул саясатчы добуштардын 38% алган.

Инвенди жеңиши менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео куттуктап, шайлоо жыйынтыгы менен Тайвань экономикалык жетишкендиктери менен бирге «демократиялык системанын күчүн көрсөттү» деген баасын берди.

XS
SM
MD
LG