Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

13-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

13-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда кар калың түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…2;

Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…2;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…2, күндүз 0…5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…3;

Нарында түнкүсүн -11…-16, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 0...2 градус болот. (BkA)

XS
SM
MD
LG