Ливияда 12-январга караган түндөн тартып өкмөттүк күчтөр менен генерал Халифа Хафтардын армиясынын ортосунда ок атууну токтотуу режими күчүнө кирди. Бирок режимдин күчүнө киргенинен бир нече саат өтпөй тараптар бири-бирин келишимди бузду деп айыптай башташты.
Ок атууну токтотуу боюнча Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган демилге көтөргөн. Алгач Хафтар бул келишимди аткаруудан баш тартып, бирок кийинчерээк көнгөн болчу.
2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкө лидери Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн бери Ливияда кош бийлик сакталып турат. Анын чыгышын парламент жана генерал Халифа Хафтар жетектеген армия көзөмөлдөйт. Ал эми батышы эл аралык коомчулук тааныган Улуттук ынтымак өкмөтүнүн карамагында.
БУУнун колдоосу менен түзүлгөн бул өкмөт баш калаа Триполиде жайгашкан. Хафтардын бийлигин Бириккен Араб Эмираттары, Египет, Орусия колдой тургандыгы айтылып келет. Орусия Ливиядагы чатакка тиешеси бар экенин такай четке кагып келгени менен Хафтар тарапта орусиялык жалданма аскерлер согушуп жүргөнүнүн далилдери айтылган. Бул жөнүндө Түркиянын президенти Эрдоган да айтып, козголоңчу генералдын тарабында эки миңдей жанданма аскер согушуп жатканын билдирген.