Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:00

Ооганстанда АКШнын эки аскери окко учту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дагы эки аскер жарадар болгон. Алар бараткан автоунаа жолго коюлган минага урунуп, жарылганын НАТОнун басма сөз кызматы кабарлады. Бул үчүн «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алды. Талибдердин билдирүүсүндө чабуул Кандагарда болгону айтылган.

Кандагардагы америкалык жана румыниялык аскерлер НАТО жетектеген «Чечкиндүү колдоо» миссиясынын алкагында жүрүшкөн.

Былтыр Ооганстанда өлгөн америкалык аскерлердин саны 20га жеткен.

Ооганстанда ушул тапта АКШнын 12 миң аскери бар. Мунун ичинен 8 000ге жакыны НАТОнун «Чечкиндүү колдоо» миссиясынын алкагында жергиликтүү тургундарга жардам берүү жана аскерлерди окутуу иштерине катышат.

XS
SM
MD
LG