Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Баткенде кармалган төрт адам эки берене боюнча шектелүүдө


Баткен районунун Көк-Таш айылы. 11-январь, 2020-жыл.
Баткен районунун Көк-Таш айылы. 11-январь, 2020-жыл.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Баткен районунун Көк-Таш айылынын 11-январда кармалган төрт тургуну боюнча маалымат таратты. Аны облустук милициянын басма сөз катчысы Дамира Юсупова «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

Ага ылайык, 2019-жылдын 18-декабрында Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары айылдын борборундагы мечиттин жанына чогулушкан. Алар жолдон өтүп бараткан Тажикстандын Исфара районунун Майский айылынын тургундары менен уруша кетип, эки тарап бири-бирине таш ыргытышкан.

Натыйжада Көк-Таш айылынын тургунунун «Хонда-стрим» автоунаасынын арткы айнегине таш тийип, ошол эле айылда жашаган эки адамдын үйүнүн шиферлерине таш тийип сынган. Мындан сырткары дагы бир кишинин башына таш тийип жараат алган. Бул окуя Жазык кодексинин «Массалык баш аламандыктар» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Мындан сырткары ушул жылдын 11-январында Көк-Таш айылынын жашоочулары жолдон өтүп бараткан Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын Назаров көчөсүндө тажик жаранынын «Хундай-Портер» автоунаасын таш менен уруп, эки капталындагы терезелерин талкалап салышкан.

Бул Баткен райондук ички иштер башкармалыгында «Ээнбаштык» беренеси менен катталган. Жогорудагы эки кылмышка катыштыгы же аларды уюштурууга тиешеси бар деп Көк-Таш айылынын төрт тургуну кармалды.

Аларды суракка алып келгенде экөөнүн жанынан тийиштүү документтери жок ок атуучу курал алынып, соттук-экспертизалар дайындалды. Кармалган төрт адам убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

13-январда Бишкекте аларды бошотуу талабы менен нааразылык акциясы өттү. Пикетке чыккандар төрт киши «тажик жарандары уюштурган чагымга каршы турушканы үчүн кармалганын» айтышты. (BTo)

XS
SM
MD
LG