Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

Мансурова президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүн жетектейт


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президенттик аппараттын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана басма сөз катчысы кызматтары экиге бөлүндү.

Мындан тышкары, жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн базасында социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү, ошондой эле жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмдөрү түзүлдү.

Сооронбай Жээнбековдун буйруктары менен Толгонай Стамалиева президенттин басма сөз катчысы, Наргиза Мансурова президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды.

Андан тышкары Назгүл Ташпаева өлкө башчынын аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси, ал эми Кудайберген Базарбаев аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коом институттары менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. (BTo)

XS
SM
MD
LG