Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Депутат журналисттин сабалышын «сөз эркиндигине чабуул» деп баалады


Болот Темиров кол салуудан кийин.
Болот Темиров кол салуудан кийин.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго кол салуу сөз эркиндигине болгон чабуул экенин айтты. Депутат бул тууралуу фракциянын басма сөз кызматындагы видеомаегинде билдирди.

- Менин таң калганым - Болот Темировду сабап кетишкенден кийин Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Карактоо» беренеси менен иш козгоп жатат. Эмне үчүн башка берене менен иш ачылбайт? Анткени аны чак түштө сабап кетишти. Ал журналист экени белгилүү. Өзү «буга менин журналисттик ишим себеп болду. Матраимовдун жубайынын мүлкүн жазганым себеп болду» деп да жазып жатса да ага карабай «Карактоо» менен иш ачылды, - деди Момбеков.

«FactCheck» порталынын редактору Болот Темировго 9-январда Бишкекте белгисиз адамдар кол салып, сабак кетишкен. Темиров муну өзүнүн кесиби менен байланыштырууда. Ал 12-январдагы социалдык тармактагы баракчасына бул аракеттердин баары аны коркутуу экенин дагы бир ирет жазып, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкере кылуу боюнча ишин улантарын билдирди.

Кылмышка шектүүлөр кармала элек. Буга чейин бул ишти ИИМдин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алганы кабарланган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы окуяны «Карактоо» беренеси менен тергеп жатат.

Бул кол салууну бир катар эл аралык уюмдар, медиа коомчулук айыптап, бийликти тезинен чара көрүүгө чакырышты. Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева журналистке кол салууга өкүнүчүн билдирип, бул кылмыш ишинин бети ачылышы керек экенин айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG