Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:29

Абылгазиев: Көмүскө экономиканын үлүшү 43% жетти


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бул туурасында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 13-январда салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүүгө арналган жыйында билдирди.

- Айрым эксперттердин маалыматы боюнча, көмүскө экономиканын үлүшү 24төн 43% чейин жетет. Эгерде салык төлөмдөрүн чебер башкарса, көптөгөн социалдык маселелерди чечсе болот. Фискалдаштыруу тармагын реформалоо калктын социалдык аяр катмарын колдоого багытталат. Бирок эң негизгиси – бул реформа адилеттүүлүктү орнотушу керек, - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчынын сөзүнө караганда, Кыргызстанда фискалдаштыруу системасын киргизүү жаатында былтыр бир катар татаал милдеттер аткарылды. Премьер-министр ишкерликти колдоо жана Мамлекеттик салык кызматына элдин ишенимин арттыруу үчүн жаңы долбоорлорду ишке киргизүү зарыл деп эсептейт.

Кыргызстанда салык жана бажы тармактарындагы ыраатсыздыктан улам коррупция күчөп, ишкер чөйрө көмүскөгө кетүүгө аргасыз экенин эксперттер да айтып келишет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG