Улуу жана кичүү Памирде жашаган кыргыздардан дагы 30 түтүн кишини көчүрүп келүүнү өтүнүп, алардын өкүлдөрү Мула Абдул Хак жана Абдул Вахид Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылышты. Аларды «Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү Аида Исмаилова кабыл алды.
13-январда болгон жолугушууга Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов менен Тышкы иштер министринин кеңешчиси Алмазбек Асанбаев да катышты. Болотбек Ибраимжанов өкмөттүн «Кайрылман» программасы аркылуу памирлик кыргыздарды көчүрүп келсе болорун белгилеп, 2017-жылы Нарынга көчүрүлүп келген памирлик кыргыздардын азыркы жашоосу тууралуу маалымат берди.
Ал Кыргызстан кыргыздарды мекенине кайтарып келүүгө дайым ачык экенин айтып, бирок бул маселе Ооганстандын бийлиги менен Тышкы иштер министрлиги тарабынан сүйлөшүүгө муктаж экенин кошумчалады.
Памирлик кыргыздардын өтүнүчү парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде каралмакчы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Былтыр жыл аягында Алай районунун Сары-Могол айылына Памирден 11 үй-бүлө көчүп келип, айылдагы мектепке жайгаштырылган.
2017-жылы Ооганстандан Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатканаларга жайгаштырылган. 11 түтүн Нарында жашайт. Алардын турак жай маселелери чечиле элек. Былтыр 18и Ооганстанга кетип, бирөө кайра кайтып келген.
Кыргыз өкмөтү Памирден Кыргызстанга көчүп келген кыргыздарга турак жай салыш үчүн 2020-жылдын бюджетинен 17 миллион сом бөлгөнү кабарланган. (ZKo)