Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:56

Парламент комитети чек ара маселесин жабык карап жатат


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иши жана чек арадагы акыркы чырлуу окуялар боюнча маселени жабык карап жатат.

Маселени жабык кароо тууралуу чечимди депутаттар 14-январдагы жыйында кабыл алышты. Отурумга Мамлекеттик чек ара кызматынын, Тышкы иштер министрлигинин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү келишти.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек арадагы абал боюнча баяндама жасамак. Бирок ал учурда Тажикстандын Исфара шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүдө жүрөт. Ал 14-январда Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим менен жолугушту.

Буга чейин Разаков тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал, аны турукташтыруу, коопсуздукту бекемдөө жана түрдүү чыр-чатактардын алдын алуу тууралуу сүйлөшүү боло турганын кабарлаган. Мындан тышкары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин ыкчамдатуу жөнүндө да маселе коюла турганын айткан.

Өкмөт мүчөлөрүнүн жолугушуусу эки өлкө президенттеринин өткөн жумадагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн натыйжасында өтүп жатат.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Тажик тараптан ок туш келди атылганы кабарланган. Бул чатактан соң Кыргызстан окуя үчүн тажик жарандарын айыптаса, Тажикстан чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген. Кыргыз чек арачылары тажик тараптын маалыматын четке каккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG