Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү башталды (видео)


Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим.
Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим.

Бүгүн, 14-январда Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылында кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү башталды. Бул тууралуу жеринде жүргөн «Азаттыктын» аймактагы кабарчысы билдирди.

Кыргызстандын делегациясын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеп барды. Ал эми тажик тараптан Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Кыргыз-тажик вице-премьер-министрлери жыйындын башталышында журналисттерге маалымат берип, чек арадагы акыркы окуяларга токтолушту жана чек ара маселесин оң жагына чечүүгө ниеттенип жатышканын билдиришти.

Буга чейин Разаков тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал, аны турукташтыруу, коопсуздукту бекемдөө жана түрдүү чыр-чатактардын алдын алуу тууралуу сүйлөшүү боло турганын кабарлаган. Мындан тышкары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин ыкчамдатуу жөнүндө да маселе коюла турганын айткан.

Өкмөт мүчөлөрүнүн жолугушуусу эки өлкө президенттеринин өткөн жумадагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн натыйжасында өтүп жатат.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Тажик тараптан ок туш келди атылганы кабарланган. Бул чатактан соң Кыргызстан окуя үчүн тажик жарандарын айыптаса, Тажикстан чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген. Кыргыз чек арачылары тажик тараптын маалыматын четке каккан. (MdN)

XS
SM
MD
LG