Ага коомдук ишмерлер, активисттер жана Талас шаарынын тургундары катышууда. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев да келген. Анда мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов баяндама жасап, Жерүй кени инвесторго Кыргызстанга пайдасыз шартта берилгенин белгиледи.
Жыйындын катышуучулары Жерүйдө мамлекеттин 1% да үлүшү жок экенине нааразы болуп, муну азыр да оңдосо болорун айтышууда.
Уюштуруучулардын айтымында, жыйындын күн тартибинде Жерүй алтын кениндеги жүргүзүлүп жаткан жумуш учурундагы экологиялык жана коопсуздук маселелери, жергиликтүү жумушчулардын укуктары, «Алтын Альянс» компаниясынын убадаларынын аткарылышы жана түзүлгөн фонддорго түшкөн каражаттардын сарпталышы каралат.
Таластагы «Жерүй» алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Бул кен алтындын өлчөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык, кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар.
2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. (ZB)