9-10-январь күндөрү Тегеран шаарында жеңил атлетика боюнча Ирандын ачык чемпионатында кыргызстандык спортчулар төрт медаль алышты.
Гүлшанай Сатарова 1500 метр аралыкта чуркоо боюнча күмүш (4 мүнөт 49 секунд), ал эми 3000 метрге жарышууда алтын (10 мүнөт 10,14 секунд) медаль утту.
Ева Кадырова 60 метр аралыкка жарышууда үчүнчү болуп (7,7 секунд) коло байге тагынды.
Дагы бир коло медалды Нурсултан Кеңешбеков 3000 метр аралыкка жарышууда алып келди. Ал аралыкты 8 мүнөт 34 секунд убакытта басып өттү.
Аталган мелдешке спортчулар Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган. Дирекциянын бюджетинен 479 миң сом каралган. (BTo)