Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:38

«Ак-Тилек» өткөрмө бекетинин жанында 130дай машине кезекте турат


Кыргыз-казак чек арасынын «Ак-Тилек» автожол өткөрмө бекети. 7-январь, 2020-жыл.
Кыргыз-казак чек арасынын «Ак-Тилек» автожол өткөрмө бекети. 7-январь, 2020-жыл.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетине жакын Бишкек-Торугарт жолун бойлой 130дай жүк ташуучу автоунаа турат. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы айдоочулар автоунаадагы жүктүн документтерин күтүп жатышканын айтканын билдирди.

Ал эми «Ак-Тилек» бекетинин өзүндө Казакстанга өтүш үчүн 12 жүк ташуучу машине кезек күтүп турат. Мамлекеттик чек ара кызматы Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитети автоунааларга кошумча текшерүү киргизгенин кошумчалады.

«Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде жүк ташуучу машинелердин узун кезеги 7-январдан баштап байкалган. Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү тынчсыздануусун билдирип, казак тараптын чек ара аркылуу товарларды жана жүктөрдү алып өтүүдөгү кошумча текшерүү киргизиши Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) нормаларына каршы келерин эскертип, ЕАЭБдеги милдеттерди аткарууга чакырган.

Ал эми Казакстандын Кирешелер боюнча мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Олжас Отар басылган пломбалары бузулбаган жана документтери туура жүк ташуучулар чек арадан тоскоолдуксуз эле өтүп жатканын айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG