Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:13

Германияда полиция чеченстандыктарга таандык жайларды тинтип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Германиянын Башкы прокуратурасы бир канча шаарда жоочу катары шек саналган чечен улутундагы жарандардын үйлөрүн, турак-жайларын тинте баштаганын кабарлады. Бул тууралуу көзөмөлдөөчү орган «Твиттердеги» баракчасы аркылуу жарыялады.

Анда Чеченстанда туулуп-өскөн, «ашынган исламчыл чөйрөдө» жүргөн жарандар «мамлекетке каршы олуттуу зордук-зомбулукка барышы ыктымал» деп шек саналып жатканы айтылат.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча тинтүү Берлинде, Бранденбург штатында, Түрингия, Түндүк Рейн-Вестфалия аймактарында болду.

Германиялык «Bild» басылмасы кеминде төрт киши камакка алынганын жазды.

Немис бийлиги кийинки убакта теракттардын алдын алуу иштерин күчөткөн. Соңку кол салуу 2016-жылы декабрда болгон. Анда Берлинде Германияга баш калка издеп келген тунистик жаран жаңы жылдык жармаңкеге чогулган элди жүк ташуучу автоунаа менен тебелеп, 12 адам мерт болгон, дагы 50дөн ашык киши жабыркаган.

XS
SM
MD
LG