Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:41

Москва: Халифа Хафтар жарашуу келишимине кол койгон жок


Ливияда БУУ тааныган Улуттук ынтымак өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сарраж (солдо) менен өзүн Ливиянын Улуттук армиясы деп көрсөткөн топту жетектеген Халифа Хафтар (оңдо).
Ливияда БУУ тааныган Улуттук ынтымак өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сарраж (солдо) менен өзүн Ливиянын Улуттук армиясы деп көрсөткөн топту жетектеген Халифа Хафтар (оңдо).

Москвада Орусия менен Түркиянын Ливиядагы жаатташкан тараптарды элдештирүү жараяны үзгүлтүккө учурады. Анда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тааныган Улуттук ынтымак өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сарраж менен өзүн Ливиянын Улуттук армиясы деп атаган топту жетектеген Халифа Хафтар орус-түрк өкмөт өкүлдөрү менен өз-өзүнчө жабык жолугуп, бирок узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан жок. Халифа Хафтар келишимге кол койбостон Москвадан кетип калды.

Өткөн аптада Орусия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган Ливиядагы чырдашкан тараптарды 12-январдан тартып ок атууну токтотууга чакырышкан.

Ливияда 2011-жылы өлкөнү ондогон жылдар бою башкарган Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери түрдүү куралдуу топтордун ортосунда ич ара чыр-чатак тынчыбай келатат. Негизги тирешүү БУУ тааныган Улуттук биримдик өкмөтү менен генерал Халифа Хафтар баш ийген парламенттин ортосунда жүрүп жатат.

Өткөн айдын аягында Улуттук биримдик өкмөтү Хафтардын чабуулунун мизин кайтаруу максатында Анкарадан расмий түрдө аскердик жардам сураган. Түркия Ливияга аскер жөнөтө баштаган. Орусиянын сунушу менен бул маселе БУУнун Коопсуздук кеңешинде жабык каралган.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Хафтардын тарабында эки миңдей орусиялык жалданма аскер – Вагнердин жеке менчик компаниясынын жоокерлери согушуп жүрүшкөнүн билдирген. Хафтар ошондой эле бир нече жолу Москвага барып кеткен. Бирок орус бийлиги генералды колдоп жатканы тууралуу маалыматты бышыктабай жүрөт.

XS
SM
MD
LG