Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Депутатка ӨЭУ жөнүндө мыйзам долбоорун чакыртып алуу сунушталды


«Тыңчы» мыйзамына каршы өкмөттүк эмес уюмдардын акциясы. Бишкек, 2016-жыл.
«Тыңчы» мыйзамына каршы өкмөттүк эмес уюмдардын акциясы. Бишкек, 2016-жыл.

Жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса ал Кыргызстанда иштеп жаткан мындай уюмдардын ишин чектей турганына тынчсыздануусун билдирди.

Буга байланыштуу өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү Жогорку Кеңешке, президентке, премьер-министрге, Акыйкатчыга жана коомчулукка кайрылышты. Ал кайрылууга коммерциялык эмес уюмдар, жарандар болуп баш-аягы 106 кол топтолду.

Анда мыйзам долбоору Конституцияга каршы келери, ошондой эле мыйзам кабыл алынган учурда коомго тийгизген кесепеттерин эске алуу менен депутат Бактыбек Райымкуловго мыйзам долбоорун чакыртып алууну, парламентке, өкмөткө, Акыйкатчыга фундаменталдуу адам укуктары менен эркиндигин коргоону камсыз кылууну сунуш кылышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов иштеп чыккан мыйзам долбоору кабыл алынса, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга алымча-кошумчалар кирет.

Сунуш кылынган долбоорго ылайык, өкмөттүк эмес уюмдар жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттендирилет. Эгер бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек болот.

Эксперттер бул мыйзам долбоору кабыл алынса Кыргызстандын аброюна шек келтирерин жана кийинки убака жигердүү түрдө коррупцияга каршы чыгып жаткан жарандык коомдун үнүн басууга шарт түзөрүн белгилеп жатышат. (BTo)

XS
SM
MD
LG