Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Филиппин: Тааль вулканынын жака-белинде жашагандар көчүрүлүп жатат


Тааль жанар тоосу акыркы 450 жылдын ичинде 34 жолу атылган.
Тааль жанар тоосу акыркы 450 жылдын ичинде 34 жолу атылган.

Филиппинде бийлик Тааль вулканынын айланасында жашаган элди коопсуз жерлерге көчүрүп жатат. Борбор шаар Маниладан 70 чакырым аралыктагы жанар тоодон 12-январда түтүн көтөрүлө баштаган.

Дүйшөмбү күнү эле 18 миңден көп киши эвакуацияланды. Маниланын эл аралык аэропорту өз ишин убактылуу токтотту. Президент Родриго Дутертенин буйругу менен баш калаадагы кеңселер жана мектептер жабык турат.

Филиппиндеги экинчи активдүү вулкан Тааль Батангас аймагында жайгашкан, акыркы 450 жылдын ичинде 34 жолу атылган. Жергиликтүү бийлик табыгый кырсыктан улам чукул кырдаал жарыялады.

Бул – жанар тоо атылганда масштабдуу кыйроо болушу ыктымал дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG